негиз

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Кандайдыр бир нерсенин, курулуштун ж.б. таяныч болгон бөлүгү.
  2. Бир нерсенин түпкү мааниси, башкы жоболору, уюткусу.
  3. грам. Сөздүн уңгудан же уңгу менен сөз жасоочу аффикстен турган бөлүгү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

– деп, / Кеп кылбай Жакып калыптыр, / Ак буудайдан кочуштап, / Байбиче сүткө салыптыр, / Сур тайга суна берди эле, / Берип көнгөн немедей, / Ирмеп сур тай жеди эле, / “Аккула Манас эмчектеш” / Дегени ушул кеп эле, / Негизи тулпар Аккула, / Түбү Чыңгыш малы эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Түп негизи Жезбилек, / Тегин жердин кызы эмес, / Өз атасы Керменбай, / Баккан эне Айчүрөк, / Арзандык мене ал кызга, / Кантип адам теңдешет? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ачуусуна чыдабай, / Абыкедей абасы, / Айлантпай сойгон шок эле, / Негизин айтсам түшүнгөн, / Акылы кыйла ток эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →