небак
- Алда качан, мындан көп убакыт мурда.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Беттибетти кокустан, / Айтат деп канчык чакыр деп, / Беттибетке уу берип, / Небак эле сойгон кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…түзүндө, / Улак тартып жатыптыр, / Кыргыздын баары дуулашып, / Кары-картаң, жаш-жалаң, / Ойду-кайкы жүрүптүр, / Аркы-терки чубашып, / Кененим барып Шалкымат, / Небак эле өлүптүр, / Анык уктук сурашып, / Биздер кайта тарткыча, / Ээр-токумду аттарды, / Айдап барды чубатып, / Олжо бөлүп калышты, / Кыргыздын баары чуулашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жакып бай көчүп келгенде, / Хан Ногой небак өлүптүр, / Ногойдун калган эл-журту, / Кан Жакыпка көнүптүр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ача түйдүрүп, / Ат чабуучу балдардын, / Барын тегиз сийдирип, / Арчындап жолук байлатып, / Машыроо тонун кийдирип, / Ат чабууга салганы, / Аккулага бир бала, / Небак минип алганы, / Ат меники чаппайым, — деп, / Алмамбет алып калганы, / Чапкан атка чубатып, / Сараланы салганы, / Ырчуул атты айдады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өлгөнүң небак өлүпсүң, / Артыңда уулу калыпсың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →