наштар

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Медициналык атайын аспаптардын бири. Кан алууда, туюк жараны тилип, чегип тазалоодо пайдаланылуучу учу курч, ичке табыптык курал, бычак.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бекбачаны эркине, / Койгону жок жайылма, / Наштардай кебин өткөрүп, / Бекбачанын жанына, / Аңгычакты Беттибет, / Келип калды алдына. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Камчы саптай ак жылан, / Айкөлүңдүн колуна, / Үч оролуп алыптыр, / Наштардай тилин ачайтып, / Кулагынан артылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →