насыбай
- Чекендинин, арчанын ж.б. күлү, акиташ кошулуп ийленип, эринге салып атуучу тамекинин түрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сыр чакчада насыбай, / Кашка тишке куйду эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Сакалы ылдый көгөртүп, / Насыбайын түкүрүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
— Алдыгындан Беккулга бир уучтап берип койчу,— деди, төрдө бүкүңдөп насыбай ийлеп отуруп.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бар болгону — бир аяк жарма ичип, Элебестин чакчасын сурап, насыбай тартууга гана үлгүрдү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Өзүнүн өмүрүндөгү кесиби — жакын арадагы базарлардан барып, насыбай алып келип, ошону айыл аралатып, кыдырып сатат да жүрөт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →