насип

китептерде 11 жолу, 7 китепте
  1. Тагдыр, жазмыш тарабынан белгиленген ырыскы.
  2. өт. Тамак, тамак-аш, оокат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эки кайыш – бир тизгин, / Ортосунан тилгин, деп, / Бейжинге барат он төрт хан, / Хан Үрбү келип бергин, — деп, / Насип болуп туз буйруп, / Алып калсак Бейжинди, / Тактысына мингин” – деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Азелде насип тузу бар, / Ан үчүн келди бул элге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ — Керменбай ага сен элең, / Аркаңда иниң мен элем, / Дасторконду туз насип, / Бирге болсом дээр элем. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ «Найзадан айла кетти — деп, / Насибин, ушул белем — деп, / Имерип сайса бадырек, / Бу дүйнөдөн кеттим» — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Насип болуп табылса, / Ошол жерден кайталы, / Эстесек бала баатырды, / Эс алып кантип жаталы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →