нарын

китептерде 68 жолу, 8 китепте
  1. Майда тууралып үстүнө чык куюлган эт, тамак.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Манжунун ханы жол баштап, / Нарын кол менен кириптир, / Текес хан өлгөн алдында, / Ашка барып Күнөс хан, / Элдин калган артында, / Тың бастырып жүрө албай, / Карылыктын дартында. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…адан бер жакка, / Жыйып койгон казына, / Жүктөтүп келип барын ал, / Жараса ооган кызын ал, / Жаратып туруп узун ал, / Чаптырып туруп күлүк ал, / Жактырып туруп нарын ал, / Жаптырып туруп комун ал, / Үйрүн бузбай тобун ал, / Карысын койуп жашын ал, / Айагын койуп башын ал, / Төрт түлүктүү бизде мал, / Түп көтөрө баарын ал, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Зор Бактыбай кер атка, / Ээр-токумун токутуп, / Атбашы, Нарын элдерин, / Бар керегин жам кылып, / Тайарланып калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…кеңитип, / Көңтөй менен Шооруктун, / — Ал экөөнүн кунун кууп, / Жаш Манасты сойлотом, / Менин бекер жатышым, / Айландырып ойлосом, / Аз күндөн берки кабарда, / Нарынды таштап талаага, / Ажал жактан шекинип, / Алоооке качкан бечара, / Колунда турса аскери, / Коркок болбос мындайда, / Аркасын карап кылчайбай, / Боздөктүргө жети… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эр Семетей бар чактай, / Казына зарга жык толду, / Төөлөрдөн бөлүп олжо алып, / Таластакы эл тойду, / Атбашы, Нарын кыргызы, / Баатырдан олжо суратып, / Арага киши койгону, / Аркан тартып жүк артып, / Төө жетелеп жөө басып, / Араң келген калмактан, / Соогатың ушул болсун, деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →