нарча

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Жаш, бир өркөчтүү төө, иңген.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Баркөлдө жаткан Жакып бай, / Алтымыш нарча төө алды, / Экиден теңдеп таар алды, / Куру кантип барам, деп, / Курбалдаш Караногойго, / Казы чыгаар бээ алды, / Баласына энчи, деп, / Тору бышты дагы алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көгөнүн теңдеп арттырып, / Комдолуу нарча төө менен, / Ээрчитип кулун бээ минген, / Унаасы жок жөө жүргөн, / Тайагы бар жөө менен, / Уй айдамак, кой алмак, / Жөлөнбөй боорго өөн менен, / Жылкы айдамак … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
/ Башында турат Кызылкыз, / Өзү жандан узун кыз, / Айагында шер турат, / Чоңдугу шердин байкаса, / Комдолуу нарча бар турат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →