нарк1

китептерде 38 жолу, 8 китепте нарк 2 →
  1. Акча бирдигинин өлчөмү менен туюнтулган бир нерсенин баасы.
  2. Бир нерсени өндүрүү үчүн жумшалган каражат жана ал нерсенин жумшалган каражатка жараша акча бирдиги менен өлчөнгөн баалуулугу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ата мурас иши экен, / Санды көрсө качпаган, / Санаада ишин баштаган, / Сапырып кырып таштаган, / Салты Манас калган нарк, / Окторулуп эр Асыл, / Майторуну ойнотуп, / Бири кетсе, бири бар, / Кетейин деп сойлотуп, / Айкөл Манас баатырды, / Атына айтып чакырып, / Каптап келген душма… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тизилип сапка дапдайар, / Сандаган аскер анда жок, / Каптап кирип кетүүчү, / Карап турган калк да жок, / Каңгайдан башка жерлерде, / Мындай кылыч наркта жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кадимки наркым бар болсо, / Канын төгүп келейин, / Өнөгүмдү мен кантип, / Өз колумдан берейин? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Толгоно басып келиндер, / Жөнөп кетет кыйшаңдап, / Илгеркиден калган нарк, / Бирине бири шыйпаңдаш, / Кай бири болот чоң сырдаш, / Кай бирөө калат талаалап, / Чогулушуп болгондо, / Эр Гүлүстөн кеп салат: / — Атамдан артык абам бар, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Казак, кыргыз салты экен, / Атадан калган нарк экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →