нар1

китептерде 331 жолу, 9 китепте нар 2 →
  1. Жалгыз өркөчтүү төө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Хан Калдыктын ар кескен, / Ачуусу келсе нар кескен, / Жыгачка чапса таш кескен, / Көөдөнгө чапса баш кескен, / Каарданып хан Калдык, / «Такырбашты» кетирбей, / Таарый чапсам экен, деп, / Кармай алды сабы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Болбосо өңү буржуйуп, / Толбосо көзгө жулжуйуп, / Куушурулуп далысы, / Караса нары кулжуйуп, / Эрдиги анын не керек, / Ошо күнү турармын, / Көзүмдүн жашын себээлеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Карап турган калкы жок, / Элүү- кыркын бир сайган, / Кадимкидей наркы жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Элимден азып келгели, / Залалым сага тийбеди, / Алты жүз эле жылкыңыз, / Азыр алты миң болду, / Айтылып элге дүң болду: / Коңгуроолуу кара нар, / Бири миңге барабар, / Жалаң төөң миң болду, / Жалпыга дайын дүң болду, - / Арак ичкен мас Көкчө, / Акылы кеткен пас Көкчө, / Андан кийин акырды, / Араң тург… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алдында минген тосур ат, / Октос берип октолду, / Ойротто мындай жок болду, / Чокмор менен абаңды, / Чокудан нары салганда, / Майдандын ичи чок болду, / Жалынсыз күйгөн от болду, / Күндүн көзүн чаң алды, / Күн көрүнбөй тунарды, / Чаң арыла бергинче, / Чакчайып бетпак турга… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →