напси
- Тамак жеш үчүн, бир нерсени өндүрүп алуу үчүн болгон үмүт, ниет, сугун агытуучулук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
– деп, / Өлбөчүдөй жутунба, / Тоңбочудай кумтунба, / Эки-үч күндүн ичинде / Өлүп кетсең непада, / Сага дагы буйурбай, / Артып калат артыңда, / Көр напсиге алданып, / Болбогон ишке чарпылба”, / Акыл айткан дагы бар; / Кабыл албай айтканын, / Өзүң жыйнап ала албай, / Жыйнаганды көрө албай, / Каңкылдабай олтур, деп,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ачпай напсиң неткени, / Атбай алаш жөн жатса, / Таласка булар жеткени, / Беймаал кыргыз жатыптыр, / Беш убак тамак татыптыр, / Чигитейдин уйкусу, / Он беш күнчө качыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кара кытай, манжуда, / Шибе, соло, муңгулда, / Аркалар киши калган жок, / Барган менен мен анда” / Коросондо Дабытай, / Баш калкалар бай таппай, / Бара турган жай таппай, / Көр напсиге алданып, / Калмактан дүйнө алам деп, / Кайран жан калды сай таппай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кабарын уккан катындар, / Качып жүрчү жолобой, / Өлүп кеткен беш катын, / Жаманбайга жанашып, / Көр напсиге ээ болбой.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Элге келип Байтерек, / Барганын келгенин, / Элге айтты бар кебин, / Напси деген кызталак, / Тирүү жанды азгырат, / Алактатып дегдетип, / Тыным бербей шаштырат, / Шириндиги дүнүйө, / Ошенетип жок кылат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →