нан

китептерде 118 жолу, 9 китепте
  1. Буудай, арпа, жүгөрү, сулу унунан жуурулуп, бышырылган тамак, токоч.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Деп күүлөнүп Калыбек, / Суумергенди узатты, / Бир сындырым нан бербей, / Бир пийала чай бербей, / Отураар орун - жай бербей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Күүлөп урган күрзүсүн, / Күчү менен чабаарда, / Эр Сыргактын денесин, / Жерге нандай жабаарда, / Томолонуп атынан, / Тар кезеңге тыгаарда, / (Табылат айла эчен түр, / Чегинен ашкан кыйарга), / Жанагы кийин келгени, / Кош колдоп күрзү шилтеди, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жаагы кызыл кан болуп, / Баштары челек, нан болуп, / Алакан тери сойулуп, / Мойнунун каны койунга, / Агып кирет куйулуп, / Ычкыр кашат, бел кырчоо, / Андан жерге агып чубуруп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Чалчык кара суу келсе, / Чаңдаган кара шор болсо, / Күл төгүлгөн жер болсо, / Күртүлдөгөн шор болсо, / Токумун алып үстүнөн, / Токтоп Токоң оонатат, / Чөп чалдырбай качырга, / Нан жедирип баратат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Сайга кире берген жерде, бир калың мүрзөнүн жанынан өтүп баратсам, Беккул арыктын боюнда, сууга нан чылап жеп отуруптур. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →