намыстан

китептерде 26 жолу, 8 китепте
  1. Арын, уятын сезүү, намыс кылуу, намысын сезип кайраттануу, ардануу; атаандашуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Соорудан аккан кызыл кан, / Көзү көрүп эр Асыл, / Намыстанды абыдан: / “Атам Манас эр болсо, / Мени арбак урат го, / Айбатым мындан кем болсо! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өзүнчө сүйлөп күдүрөп, / Кейпи суук калмактын, / Сел аккан суудай күжүлдөп, / Кабагын ачып ирмесе, / Асманда булут бүркөлөт, / Намыстанып Чойун алп, / Камчы басып сур атка, / Кененимге баратса, / Хан Дабытай, Кесилет, / Ачакан келет жанаша, / Эми болот көргөнгө, / Өтө кызык тамаша. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кекенип келген Кетелик, / Эрдин кесе тиштенип, / Намыстанып тура албай, / Каарданып алганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
жайнап, / Каарданып түңүлгүр, / Билегине күч жыйнап, / Найзамды тартып алам, деп, / Найзамды берип Сейитке, / Кантип болом, адам деп / Ээрдин кесе тиштенип, / Намыстан жанга күч келип, / Сейитти туурап эр Тапак, / Үзөңгүгө тамандап, / Маңдайда көзү алаңдап, / Мурдунан маңка куйулуп, / Чорго муздай салаңдап, / Сабынан чыңдап к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Намыстанып Үмүтөй, / Эл эстүүсүн чыкырды, / Төрт, беш бээни сойдуруп, / Этти тартып койдуруп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →