намыссыз
- Намысы жок, намысты ойлобогон, намысын сезбеген, уятсыз, арсыз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ак сакалдуу карысы, / Байтеке деген вазири: / — Толтой, аман барсыңбы, / Намыссыз тууган жансыңбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кызыталак намыссыз, / Кылычташып кал — деди!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →