намыс
- Адамдын коомдо өзүн-өзү татыктуу, туура, адамгерчиликтүү алып жүрүү, сезүү сапаты.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Канчоро чыгып каргаша, / Азыраак анда азгашты, / Хан Семетей, Сейтек, / Эр Кененим, Сейитим, / Кыргыз үчүн тер чачты, / Маңдайдан терин агызды, / Ченебей кылып намысты, / Асылбача жаш кетти, / Артында бала калбады, / Балалуу болмок турмайлык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ан, / Көрүнүп ажал турса да, / Башын булгап качпаган, / Сан- санаксыз жоо келсе, / Сабылып коркуп шашпаган, / Көптү көрсө күч алган, / Өрт жалындай тутанган, / Намыска белин буунган, / Кан менен колун жуунган, / Кан төгүшкөн ким болсо, / Чечекей чукуп көз алган, / Боорун жарып өт алган, / Кара дебей, баш дебей, / Өзүм дебей, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ “Ханга жагып кетти – деп, / Билди кеңеш кепти” – деп, / Аз сандуу ордо адамы, / Ичтери көөп тарсайды, / Көрүнөө алы келе албай, / Көргөзүп кастык кыла албай, / Эч жеринен ойлонуп, / Кенедей өөн таба албай, / Намысты таштап ыргытып, / Жалаа жабат уйалбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Намысы жок жаман ит, / Айдай болгон Чүрөктү, / Олжого кандай карматтың?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Тулаң "өзүнүн, досунун этин жейин деген мында уят да, намыс да, досчулук да жок турбайбы" деп ачуусу келет:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →