нак1

китептерде 59 жолу, 10 китепте нак 2 →нак 3 →нак 4 →
  1. Акчалай берүү, кийинкиге калтырбай, ошол замат берүү, накта, акча түрүндө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чолок ээк алаң көз, / Журт бузардын нак өзү, / Токтобой турат кылыңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ага караштуу жерлерин, / Аркасында элдерин, / Кар манапка бир берген, / Бадыкөлдүн Мадыкөл, / Маңдайда жалгыз көз экен, / Нак желмогуз өзү экен, / Атанын ордун тапканда, / Чогултуп элин бакканда, / Манастын уулу Семетей, / Баса келип тебелеп, / Мадыкөлдү сулатып, / Тактасын элге талат… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ын өтүн алдырып, / Жарасына куйдуруп, / Жаранын канын какшытып, / Анын суусун кургатып, / Жана Алмамбет турду муну айтып: / — Куу өрдөктүн териси / Сырын айтам нак билгин, / Чалгынга барган кай балбан, / Катуу кармап үч силкип, / Жамынып алса сыртынан, / Нак Коңурбай өзү, деп, / Кишинин баары таңданган, / Бир иретки сыйкы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ “Атам айткан чын болсо, / Нак Семетей экен, деп, / Ээрчип жүрүп алты күн, / Күн өткөрдүм бекер, — деп, / Бүгүн кечте келгенде, / Бастырбай тосуп Буурулду, / Алдына туруп алайын, / Чыгарар б… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Аралашып кеткени, / Араң алты күн болду, / Түнду кошуп санаса, / Он үч күнгө нак толду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →