найзала
- Найза менен саюу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, / Көп болгондо алтымыш, / Жаздана жатсам экен” деп, / Алы жогун алдуусу, / Аңтара тартып атынан, / Көзгө чаап баратат, / Күчү жогун күчтүүсү, / Көчүккө сайып найзалап, / Кан агызып баратат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кол жеткенин майдалап, / Бет келгенин найзалап, / Топтуу караан бар жерди, / Албарс менен кайсалап, / Астында жүрөт жол салып, / Бир башынан талкалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Калың жерин аралап, / Оң-тескери кылычын, / Шилтегенде кан агат, / Он-он бештен найзалап, / Катар сайып баратат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Билип алып Кара дөө, / Ылачындай имерип, / Тийип-чыгып кайран дөө, / Чокуга жетсе чокморлоп, / Жүндөй сабап токмоктоп, / Капталга келсе найзалап, / Кетемин деп ойлонот, / Кабыргасын талкалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кокого сайып найзалап, / Койбой жанын алдыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →