найзакер
- Найза менен куралданган жана найза саюуга ыктуу жоокер; найза саюуга кыйын, маш киши.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…акырып, / Шибенин салган урааны, / Шайпа деген баш болуп, / Беш жүз киши чубады, / Бөлүнүп жүзү жаа тартып, / Күркүрөтүп жүз шибе, / Мөндүрдөй кылып ок атып, / Найзакерден жүзү бар, / Балта чабар жүзү бар, / Кылычын тартып кынынан, / Кыйкырган шибээ саны жүз, / Шайпа келет ойунда, / Кыргыздын эрин кылмак түз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жандырып кайта чаппаймын, / Бирден-бирден домдоймун, / Найзакерге найзам бар, / Аз келесиң он бешиң, / Ылганып жүзүң чыгыңар, / Жалгыз башым Кененим, / Жүз миңге жалгыз тийерге, / Жадабай турган демим бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Элебей качып куу түлкү, / Эрен Чубак баатырга, / Келип калды чукулдап, / Төрттөн бөлүп таштаган, / Кырк баатыр турат ыкыстап, / Найзакер найза кармашып, / Өлчөм менен тыкыздап, / Мергендер милте түтөтүп, / Бере көр деп тиктешип, / Кылычка машы чыккандар, / Кынынан сууруп алышып, / Кыргыз, кытай …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кеби таттуу шылуундан, / Керекке келчү уулдан, / Найзакерден шыктуудан, / Балталашаар мыктуудан, / Канжар урчу камбылдан, / Кайра качпас даңгылдан, / Чокморлошчу балбандан, / Томкоруп жоону алгандан, / Кылыч чабар мартың…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…лайын, / Чөптөн бетер чапканда, / Кызыл кан суудай шар агып, / Эки айлап үч кирип, / Кийинкисин күч кирип, / Имерилип өткөндө, / Балталуу жаткан баш тартпай, / Найзакер жаткан ар кандай, / Кылычын кармап колуна, / Кыйшайып жаткан эл кандай, / Кызыганда чубурган, / Кызыл кан аккан сел кандай, / Кызыгышкан мындайда, / Бок сасыга…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →