найза

китептерде 2841 жолу, 9 китепте
  1. Узундугу 2–3 кулач таяктын башына учтуу темир ашталып, сайышта колдонулуучу баатырлардын, жоокерлердин жоо жарагы, куралы.
  2. Кирпинин, сүткордун денесиндеги ийне сыяктуу учтуу үлүгү.
  3. Карта оюнунда: туздан кийинки, таажы кийген чалдын сүрөтү тартылган карта жана анын аталышы, төрө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Качырып найза сунганы, / Каарданып Бекбача, / Кармап найза ыргады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ылачындай тийгенде, / Баш тартпастан киргенде, / Капташып калса баатырга, / Кутулбасын билгенде, / Он бири качты калдаңдап, / Найзанын учу жетет деп, / Как далыга бир койсо, / Каражан кантер экен деп, / Буттары барат тепеңдеп, / Сакалдары эпеңдеп, / Аркасын карап кылчаңдап, / Эми жетет экен, д… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…Алмамбет менден качты деп, / Арбагым андан ашты деп, / Акылы чындап шашты деп, / Алдыда минген Алгара ат, / Айабай камчы бир салат, / Бөрү тилдүү өткүр курч, / Найзасын күүлөп булгалап, / Казыдай мойну узарып, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колуң тийип баатырга, / Найза менен сайыпсың, / Кыйазга балта чаптырдың, / Сары мойун койондой, / Бирге өстүң сен экөөң, / Курдаштыкка карабай, / Кечирин кесип алдырдың, / Ыйыгы эле адамдын, / Эбегейсиз кар кылдың! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жаш балдарды кылычтын мизинде, найзанын учунда ойнотот. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →