назик

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Сүйкүмдүү, өтө сыпаа, сылык, наздуу көз карашты, мамилени, кылдат чыккан уккулуктуу, жагымдуу добушту ж.б. билдирген.
  2. Кылдат, үлбүрөк, ичке, сезимге жумшак.
  3. диал. Таруудай майда, ортосунда тешиги бар, кооз, түстүү мончок.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Төшүңдү жайгын сазың, деп, / Үн алышып каркылдап, / Өрдөк менен казың, деп, / Жээгиңде желек камышың, / Сыдырым соксо шуудурап, / Жагымдуу назик табышың, / Бөлөк- бөлөк чулдугуң, / Буткулда суунун тунугун, / Кымыз ичкен немедей, / Жутканда канат суусунуң, / Саргарат элең тепселип, / Салтанаттуу эр келип… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Таштан ташка секирген, / Назик муңдуу үндөрүн, / Аккан суулар келтирген, / Жер жайнаган чечекей, / Гүлдөрүн күбүп түшүрдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →