наз

китептерде 8 жолу, 4 китепте
  1. Кылык, кылык көрсөтүүчүлүк. Эркелөө, эркелик.
  2. Таарыныч, нааразы болуу.
  3. өт. Кылыктануу, кылык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…а чыгарбай, / Тупадан туура болот деп, / Токтомдуу сөздү айта албай, / Аз гана сүйлөп жөнөдү, / Салакасын бүт сактай: / — Алмамбет Манас дегениң, / Талгагыңбы, назыңбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мышык келди кыкырап, / Кабааган иттер ыркырап, / Түлкү келди кылыңдап, / Кашкулак жүрөт мулуңдап, / Чөөлөр келди каткырып, / Сыйкыр менен желмогуз, / Жер-жаандын баарысын, / Айбанатка бастырып, / Топону көккө сапырып, / Айууга ийин каздырып, / Көрсөтмөк элге болду эле, / Көп сыйкырын наз кылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Абу Назыр Замандан, / Мисирден калап алдырган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Шыңкылдап күлүп, наз кылып, / Айлантып башын, мас кылып, / Канчорону туз урган, / Кастыкка аны маш кылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Кечээ күнү Назыр бучук да жаман аты менен барып төрөдөн таяк жеп кайткан. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →