набат
- Кандайдыр бир коркунуч тууралуу, жоо кол салганда суу ташкыны, жер титирөө ж.б. кабар кылган коңгуроо үнү.
- Дүрбөлөң салуу, бака-шака түшүрүү, кымгуут кылуу.
- Кристалл түрүндө катырылган кант.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ажыбайдын Керменбай, / Оозун ачты тамшанып, / Кыздын узу шуруну, / Жипке канат тизгендей, / Уккандар турду таңданып, / Оозуна набат салгандай, / Суктанып кепке тамшанып: / — Бүгүнкү келген калайык, / Түпкүлүгүн карайлык, / Сейтек биздин төрөбүз, / Амирине көнөбүз, / Шер Гүлүстү ар качан, / Аскар тоодой көрөбүз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →