нааразы

китептерде 8 жолу, 6 китепте
  1. Ыраазы эмес, көңүлүнө жакпаган абал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тил алдырып атамды, / Анан сага тийемин, / Нааразы кылып атамды, / Билип кой, өлсөм тийбеймин! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Элдин көөнүн оорутпай, / Багалганын албасаң, / Эл нааразы болгонун, / Көөнүн карап салбасаң, / Унутуп калат пейилсип, / Үч жылда бирден барбасаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жесир катын жетим уул, / Жыйдырып келген андайды, / Караары жок жөлөксүз, / Өбөктөгөн чалдарды, / Жылаңач –жыртык бечара, / Колунда жок андайды, / Эсебин алып санатып, / Алтын –күмүш малдарды, / Бөлүп берди таратып, / Нааразы киши жок болду, / Жетпеди деп талашып, / Бата берип калың эл, / Сейитти койду узатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Нааразы биз болбойбуз, / Элүү миң, атты алганга». Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— деди Бурмаке нааразы көзү менен старчынга жалт-жалт карап алып. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →