наапа

китептерде 12 жолу, 2 китепте
  1. Эки дөңгөлөктүү, чүмкөмөсү бар араба.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алтындаган наапаны, / Жуп кара атка коштуруп, / Тазбайматка айдатып, / Жан кишиге көрүнбөй, / Көпүрө менен Каныкей, / Бу да тосуп алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Антип Баймат баратып, / Алмамбет, Сыргак, эр Чубак, / Талаадан кайтып келатып, / Капташып калды калаада, / Жаман Баймат арамга; / Томолонуп наападан, / Түшүп жатат караса, / Алмамбет кылса нишарат, / Түшпөгүнүң дегенсип, / Ага Баймат болбостон, / Аңкоолонуп дегенсип, / Бачымдап түшүп аптыгып, / Салам айтты … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Талаада айтып бул үчөө, / Унчукпай барды Манаска, / Кеп салды Баймат чочулап, / Бар кылганын бир чакта: / — Тура албадым наапада, / Үч баатыр катар келатса, - / Абаң Бакай баркылдап, / Аксакалы жаркылдап: / — Байкасам, Баймат жамансың, / Айры төштө наадансың, / Мингениң наапа жаркыган, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ар, / Деп атагын чыгарып, / Айткан экен ар кайда”, / Муну ойлоп Орусхан: / — Тору атчан боз атчан, / Ат минбеген бир адам, / Түшүрүп алып келгин, — деп, / Асыл наапа жиберет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Керменден мындай кеп келип, / Келген элге эп келип, / Элдин баары камынып, / Ат атына жабылып, / Унаасы жок келгенге, / Дайар наапа табылып, / Коргонго жөнөп калышты, / Көөдөндөрү жайылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →