наам

китептерде 32 жолу, 6 китепте
  1. Ат, ысым.
  2. Кандайдыр бир иштеген ишинин же кызмат абалын көрсөтүп расмий түрдө берилүүчү ат.
  3. Урматтоо катарында берилүүчү ардактуу даража.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жыйырма бешке чыкканда, / Ат көтөргүс дөө болгон, / Амалсыздан жөө болгон, / Эр Сейтек бабам кел, / Жан бүткөндө жаралган, / Жалаңкыч Сарык наам алган, / Кутулуп сенден ким калган, / Кененим келгин чоң атам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тартууга берем деп айткан, / Андан калса арбын мал, / Буга жазган кагазды, / Медеркандын наамынан, / Калганда кытай элине, / Тобукенин бегине, / Тобо-томук кат жазды, / Калбай келип берүүгө: / “Батыш менен чыгышта, / Жануптан ооган, коросон, / Бүт чогулуп бириксек, / Теңдешербиз кыргызга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…муш, / Качып кетет экен,-деп, / Элин таштап талаага, / Шашып кетет экен деп, / Айжаңжүңдүн ордого, / Кутулайын, баргын,-деп, / Улук болуп, журт сурап, / Бийлик наамын алгың, — деп, / Акыр заман элине, / Куту бийдин шаары деп, / Айтылып калсын атың,-деп, / Кечээ урушка келе жатканда, / Элсиз эрме талаада, / Агып жаткан суусу … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Наамы кыргыз болгонду, / Баатыр Манас коргоду, / Кызылкыйа сагаада, / Коңурбай алдап чакырып, / Семетей кетип калганда, / Кайнап жаткан Каңгайга, / Эр Семетей, Гүлчо… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Каталдын уулу Карагул, / А дагы хандык кылууга, / Алты сан жылкы айдатып, / Көөрүктүүнүн бойуна, / Көкжаңгактын кыйрына, / Кыйалында Карагул, / Наамды өзү аларга, / Хан болуп жатып каларга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →