наалы2
- Кейип-кепчүү, капалануу, кайгыруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Улап айтып үзүр кеп, / Улам-улам наалышып, / Кетирбей баатыр Ажыңды, / Жаңжүндүн баары чогулуп, / Эсенханга барышып, / Кошо барды кырк шойа, / Алар да калбай жарышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тал-тал чачын тарады, / Саамай чачын сыланып, / Он төрттөгү кыз болуп, / Кошмойноктун бетине, / Тура калды суналып, / Кызылы кызыл, агы ак, / Наалыгансып муңайып, / Кыска каштуу, кара көз, / Тал чыбыктай буралып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Зарылып мага наалыба, / Жаагыңды талытпа, / Иттен илгер жан болуп, / Кишиден кийин кар болуп, / Антип тирүү жүргөнчө, / Өлүм жакшы чын мага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Эрикпей кулак саларсың, / Арызымды айтып наалысам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Баланын жолдоштору "бул бала бүркүтүн эмне салбайт, калтарды бизге ыраа көрбөй турат го" дешип наалышат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →