наалат
- Каргыш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Түбүбүз бирге эмесби, / Бу түгөнгүр меники, / Кубатай менен Ырыскан, / Кимиси жеңип ким алат, / Урушуп жатса ал экөө, / Талап алсаң жедигер, / Атага наалат ат калат, / Өзүңө калат жаман ат, / Сабыр кылып байкап тур, / Айагы болот кандайрак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Уга салып эр Жоодар, / Арсаңдап күлүп жиберди: / Атаңа наалат ой, калмак, / Качкандыгың билинди, / Жаныңды катып мааналап, / Келгендер көзү көрсүн деп, / Бул айтканың кайсы кеп?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Чыга калса Айчүрөк, / “Атанын кокуй наалат!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Уурданып барганда, / Уктап жаткан шаарды, / Уйалбай чаап алганда, / Атага наалат жетпейби.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ошол солдат эсиме түшкөн сайын наалат айтып коём.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →