наадан
- Адепсиз, осол, акылсыз.
- Билимсиз, окубаган, билими жок, караңгы.Энем бир наадан болбосо, Бүбүнү жыйнап не кылат? («Эл адабияты»).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жолдо эки ат өлтүрүп, / Жолдон жыгып ат минип, / Ат мингенде бат минип, / Сынчыбектин үстүнө, / Кирип келди энтеңдеп, / Ары бери сенделип, / Жаш баладай темтеңдеп, / Муну көргөн Сынчыбек: / — Бейадеп өскөн нааданды, / Бандонуга бас!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кээ жерде дайра кериктин, / Соорусунда түгүнөн, / Бул окшогон наадандын, / Адам коркот түрүнөн; / Кээ бир жерде шыйрактан, / Кармашарга жоо десе, / Кара бойун чыйраткан, / Акпай, чөкпөй өлбөстөн, / Суудан чыкты бул айбан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…нын бир чакта: / — Тура албадым наапада, / Үч баатыр катар келатса, - / Абаң Бакай баркылдап, / Аксакалы жаркылдап: / — Байкасам, Баймат жамансың, / Айры төштө наадансың, / Мингениң наапа жаркыган, / Кийген чениң алтындан, / Бүгүн булар саа жолдош, / Не түшөсүң наападан?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ач кыйкырык куу сүрөөн, / Айбан коркот үнүнөн, / Токтоно албай таш кулап, / Төрт наадандын түрүнөн, / Көрүп туруп маңгыттар, / Баатырларын макташып, / Бабырашып сүйүнгөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
…арсам болот, — деп, / Бирөөнүн кеми болгондо, / Тетиги турган Сомбилек, / Жексен кылып койот”, / Аты менен куралга, / Аркандай адам таң калат, / Адамдан чыккан нааданга, / Ушул кезде бул Ойрот, / Жыйырма беште бар жашта.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →