мөөнөт
- Белгиленген убакыт, белгилүү бир убакытты көрсөткөн мезгил аралыгы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Беш жылдык мөөнөт биз алдык, / Үч жылда кайра Таласка, / Баралы деп алты хан, / Убада кылып тарадык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ди дүркүрөп, / Баш көтөрүп Алмамбет, / Ошондо айтат мындай кеп: / — Жалпы баарың түшкүн, — деп, / Тамагыңды ичкин, — деп, / Айкөлүмдүн Коңурга, / Он беш күндүк мөөнөттү, / Ойлобой туруп бергени, / Алдырып келди Ингенден, / Шыпшайдар деген мергенди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кырк күндүк мөөнөт уккан эл, / Тороңдошуп чуу койду, / Качкынды кармап берем, деп, / Көптүн ичи чуу болду, / Үйүнө барып Тапан хан, / Ойлогону бу болду, / Сүйлөшкөлү кыз менен, / Чин акылы токтолду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Жолчулуктун мөөнөтү бери болгондо төрт жыл.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бир ай мөөнөт беришти.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →