мөөн
- Ичке ичегинин карын жагындагы учу туюк жоон бөлүгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Кайра келээрим менен чубалган мөөндү жана карматты.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Эби жок кармап алсам керек, жаңкы жерге барып, эми төгөйүн деп жатсам, мөөндүн бир учу жылмышып кетип, жыңайлак балтырыма былжыраган бирдеме жая берди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ал киши ар күнү эртең менен мөөнгө жуурат куюп алып, эчкисин жайып кетет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →