мөңкү

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Туйлоо, секирүү.
  2. өт. Жакын жолотпоо, жуутпоо, чычалоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мөңгүдөн мөңкүп аккан суу, / Ак калпак кыргыз көп алаш, / Ар күнү таамын таткан суу, / Сымаптан сыны сапаттуу, / Айрылдым, суум, кайыр-кош! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Азынап аттар мөңкүдү, / Айылын көздөй жөңкүдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Аңгыча Урманбет, оттоп турган бир саан уйга далп этип, секирип минип алды; уй сырак-сырак этип, тоңкочуктап мөңкүп кетти. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ошого да болбой, өлөт алгыр бир кызыл уй чычаңдап, мөңкүп барып токтой калып, куйругун шыйпанып, тумшугу менен арткы бутун бир жыттап алып, туруп-туруп, топ-топ бөлүнүп, өкүрөңдөп алып, жүрүп бербеспи! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →