мөрөй
- Жарышта, мелдеште уткандык, жеңишке ээ болгондук.
- Байге.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жемирсең мөрөй сеники, / Жеңилип калсаң кокустан, / Жедим тамак меники.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Далдаңдап Сынчы жөнөдү, / Хан кешпирин эл көрдү, / Арылдап элге жар салды, / Берди, деп, баатыр тилекти, / Сынчыбектин көп колу, / Эли менен аттанып, / Арбын мөрөй алгансып, / Адамдын баары шаттанып, / Ушундай болду, «Йа пир!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сайышта балбан сен алдың, / Каргытып күлүк ат чапсак, / Бул мөрөйдү дагы алдың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Семетейдей беренди, / Гүлүстөндөй эренди, / Сойо алсаң мөрөйүң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Чыныбек чуркап барып, өзөгүнө чейин теректи кессе, "мөрөй сеники Чыныбек баатыр" деп, хан ордунан туруп келди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →