мөндүрлө

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Мөндүр жаап кирүү, мөндүр түшүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Оозуна майды татканда, / Ыйлап оозун ачканда, / Күркүрөп үнү угулду, / Күн мөндүрлөп куйулду, / Токойдо кайып калбады, / Токтоно албай барлары, / Көлдөр толуп чайпалды, / Теңселип тоолор чайкалды, / Жер титиреп козголуп, / Бутун тартып алганда, / Аңтарыла аз калды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Шыкылдаган Айчүрөк, / Шыпылдап учуп калды эми, / Шыбырган шамал салды эми, / Бөксөнүн башы мөндүрлөп, / Жаканын башы жамгырлап, / Асманда булут тундуруп, / Сегиз сай мөндүр куйдуруп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →