мөндүр

китептерде 42 жолу, 7 китепте
  1. Кичине тоголок муз түрүндө жааган жаан-чачындын бир түрү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Таабалдынын найзага, / Илип алды Кененим, / Аскери кылды тажиктин, / Көкбөрүнүн дегенин, / Жамгырдай кылып жаа тартып, / Мөндүрдөй кылып ок атып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
минди камынып, / Кайнап аскер келатат, / Кара курттай жабылып, / Чыккан чөптөй жыбырап, / Кумурскадай быжырап, / Тосуп чыккан алтымыш, / Топко тийди аралап, / Мөндүрдөй октор дыбырап, / Жамгырдай жебе зырылдап, / Очогор үнү зүңүлдөп, / Жазайыл атып, жаа тартып, / Жер чайкалып сүлкүлдөп, / Тоо силкинип карсылдап,. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Коңурбай кылып амалды, / (Анча-мынча жай билет) / Алдына салып шамалды, / Кайрылбай кетти Бейжинге, / Кайнаган кытай элине, / Жумурткадай мөндүрлөр, / Тушарга чыкты бир демде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…/ Жана көрдү караанды, / Аркасында көрүнгөн, / Жалгыз эмес топ келет, / Жалбырттан күйгөн от келет, / Жайнаган кызыл чок келет, / Аңгычакты бурулду, / Алты сай мөндүр асмандан, / Чагылган чагып куйулду, / Күрүлдөп шамал угулду, / Кантип айтып боломун, / Ачып көздү жумгуча, / Алда канча кубулду, / Мен-менсиген эр Тете, / Көзү… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Мөндүрдөй кылып топ атат, / Дүңгүрөтүп көп атат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →