мөмөлүү
- Мөмөсү бар, мөмө байлоочу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Баары баатыр, баары шер, / Эгин эккен, мал баккан, / Мөмөлүү жыгач бак баккан, / Алтын аккан суу ичкен, / Сал байлашып суу кечкен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чачынан байлап аскандай, / Кебетеси, кешпири, / Сын-сыпаты баарысы, / Дал адамдын башындай, / Мөмөлүү жыгач чер көрдү, / Кылыч менен жара чаап, / Эки бөлүп койгондой, / Жарты адамды көп көрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кылычтай өткүр жолборсуң / Алмамбет экен жолдошуң; / Бөктөр-бөктөр белиңиз, / Мөмөлүү куттуу жериңиз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Адыр – тоосу бүт жыгач, / Түрдүү чыгач бар деген, / Мөмөлүү жыгач анда бар, / Жапа жемиш көп деген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Шарт этип эшик ачылып, мөмөлүү бактар көрүндү.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →