мөлтүрө

китептерде 11 жолу, 7 китепте
  1. Мөлт-мөлт этүү, тунук көрүнүү.
  2. өт. Сулуу, татынакай көрүнүү.
  3. Ыйлаактап калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ишилер, / Кымбат баа кыргыз кызына, / Кеп кыла албайт ийменип, / Манжага шакек жарашык, / Жасагандай табигат, / Колдоруна жарашып, / Маңдайы шамдай жапжарык, / Мөлтүрөп бети агарып, / Мөндүрдөй тиши саналып, / Кызылы кызыл, агы ак, / Чыккан ай кызга таңданып, / Туурга конгон тунжурдай, / Турушу башка шаңданып, / Сымбаттуу сулу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…, / Түмпүйгөн токой чер менен, / Артуу-артуу бел менен, / Адам жүргүс жол менен, / Бөктөр-бөктөр бел менен, / Мөмө жыгач жер менен, / Бөксөдө улуу жол менен, / Мөлтүрөп аккан суу менен, / Мөндүрдөй аппак кум менен, / Бөлүнүп жүрүп олтурду, / Күн эсебин чунагың, / Он экиге толтурду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Камчы келип тийерде, / Айбандан артык Кеңкула, / Ордун сала берди эле, / Азыраак ыкыс желди эле, / Кененимдин жанында, / Кара каңшар турган таш, / Камчынын учу тийгенде, / Коргошундай мөлт этип, / Жайнап түшүп жок болду, / Мөлтүрөп туруп көйкөлүп, / Уйуган аппак шор болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бирин бири көргөндө, / Эбегейсиз сүйүнүп, / Кулачын жайып тартаңдап, / Аттардан түшүп жүгүрүп, / Жан айабай далдактап, / Жаш балдардай түйүлүп, / Далыдан кармап алышып, / Мойундаша калышып, / Мөлтүрөп көздөн жаш кетип, / Сакалдан ылдый бурчактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Перизаттай мелтиреп, / Нур кызындай мөлтүрөп, / Эки айактуу бендеден, / Табылбас асыл неме дейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →