мөлтүр

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Таза, тунук, көк кашка, мөлтүрөгөн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыргый сөөк, кымча бел, / Мөлтүр сулуу, моймол көз, / Ээрди жука, таттуу сөз, / Эрмекке сулуу кыз алып, / Сүйбөйт беле Чигитей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Шылдыраган мөлтүр суу, / Алтын булак күмүш суу, / Сыйынган мазар булагым, / Аркамда калдың кайыр-кош! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кырк бир жолдун кошкондо, / Кырка-кырка сарай бар, / Караса көздү уйалтып, / Жылтырап турат сарайлар, / Моймолжуган кыздар бар, / Мөлтүр кашка суулар бар, / Аскан сүрөт жаны жок, / Кызды көрүп азаарсың, / Ошону табам деп жүрүп, / Мээнеттүү жолду басарсың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ — Мен ыраазы, Каргалдай, / Мөлтүр тунук суу экен, / Сенден уктум байатан, / Кеңкол деген ушу экен, / Арстан Манас жери экен, / Атагы алаш эл экен, / Чумубай кетсем дайрага, / Болбой турган кеп экен, / Бүгүнкү менден аккан тер, / Мээнет эмес дөөлөткө, / Чубуруп аккан тер экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →