мөлтүлдө

китептерде 9 жолу, 4 китепте
  1. Суюктук, тунук нерсе жылтылдап көрүнүү, чагылышуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айтканды Көкчө туйунду, / Айдай бети кубулду, / Тамчыдан бетер мөлтүлдөп, / Тарамдап жашы куйулду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жер пийаз, согон жыттанып, / Көк чечекей, гүлепше, / Күндү карап ыктанып, / Аркар оту, бозунач, / Сасыгансып жыттанып, / Жапа жай менен мамыры, / Жыты адамды аңсатып, / Уй шилекей мөлтүлдөп, / Оозуна салсаң бал татып, / Кеңкол ата чоң Талас, / Көрүктөнүп чалкайып, / Алатоо турду көрүнүп, / Асман тиреп заңкайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Суусу тунук мөлтүлдөп, / Гүлдөрү турган гүлүңдөп, / Чырпыгы талдын буралган, / Кыз чачындай сыланган, / Жери атыр жыттанган, / Мурунду жарып буркурап, / Сүйкүм шамал зыркырап, / Мол… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Бөйрөк майын кошо алып, / Мөлтүлдөпүп сугунуп, / Чынкожодон өч алып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Качанда мен талаадан келген сайын Ашымкан карыңдашым эшикте жалгыз томсоруп, карагаттай мөлтүлдөгөн акылдуу көзүнөн акырын гана мөлтүлдөтүп жашын төгүп отурганын көрөр элем. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →