мөкү
- Булгаарыдан, же кайыштан бүйрүй жасалган жеңил бут кийим.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мөкүбалдуу сур найза, / Булгап колго алыптыр, / Бу бадырек чочко, деп, / Тобукени качырып, / Токтобой жете барыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Качып келе жатыпсың, / Ашкере сени билдим, — деп, / Мөкүбалдуу найзаны, / Булгап алды Жоодар чал, / Кайраты жаштай толкуду, / Качырып кирди карган чал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кетип калган бара кой, / Убалыңа калбаймын, / Убайың ичте калбасын, / Сайып-сайып кетип кал, / Мен көөнүмө албайын,- / Арсаңдап күлүп эр Сыргак, / Мөкү балдуу найза ыргап: / — Мени койуп, Кетелик, / Өзүңдүн жаның коргоп бак!- / Ачып көзүн каранып, / Эрди мурдун жаланып, / — Ушалап койсоң өлөсүң, / Өлүмдү кимде…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мөкүбалду найза алды, / Күүлөнгөн найза күркүрөп, / Эпкини менен найзанын, / Жердин бети дүңкүрөп, / Кой күрөң менен каргытып, / Койуп барат Сейитек, / Баатырдын уулу жалгызың, / Кутургурду теңсинбейт, / Кутургундун ойунда, / Сенден артык эрмин, — дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ “Манастап” ураан чакырып, / Мөкүбалдуу чоң найза, / Булгап баатыр качырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →