мүчөл
- Айбандардын аты менен аталган, он эки жылда бир кайталануучу жыл эсеби.
- Туулгандан кийинки он эки жыл өткөн мезгил (он үчүнчү жылдан тарта кийинки мүчөл башталат).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ушул бүгүн Бекбача, / Алтымыш бирде мүчөлү, / Агам Асыл өлгөнү, / Отуз алты жыл болду, / Бир күн тыным албады, / Атактуу Манас айкөл шер, / Мен барган жерге барбады, / Тирүүлүктө Бекбача, / Калганы жок арманы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айаш энем Көкөйгө, / Мөңкөтай айткан жалаа жаап, / Көкөйдү айтпай жеке эле, / Чигитей менен Көкөйгө, / Ал экөөнө кара жаап, / Мүчөлү быйыл балаңдын – / Ал Чигитей арстандын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жерди тиктеп уйалып, / Акырын сүйлөп муңайып: / — Он эки жашка толгончо, / Жүргөн жерим болбоду, / Он үчүм мүчөл жыл өттү, / Азуулунун чоңдорун, / Аңдып жүрүп бу чөлдөн, / Мен байкуштун күнү өттү, / Өзү жаман жаткан кум, / Адамды соруп түгөтчүү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алтымыш бирде мүчөлүң, / Аттанам деп Бейжинге, / Дарбыдың,, жаман күчөдүң,.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ “Эр Семетей уулу чоңойуп, / Мүчөлүнө жеткенби, / Таласты кайра тапсам деп, / Гүлчоро менен Чүрөктү, / Ээрчитип качып келгенби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →