мүчө
- Адамдын денесинин бөлүктөрү (көбүнчө кол, бут жөнүндө).
- Бүткүл дене, дене түзүлүшү.
- Кандайдыр бир уюмдун, коомдун, адамдардын тобунун курамына кирген киши.
- грам. Сүйлөмдүн составдык бөлүктөрү (ээ, баяндооч, айкындооч).
- грам. Өз алдынча колдонулбаган жана лексикалык мааниге ээ боло албаган сөз өзгөртүүчү жана сөз жасоочу морфема.
- Өлүккө келген уруу өкүлдөрүнө же сый адамдарга өлгөн адамды эскерүү иретинде берилүүчү белек, үлүш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Карагер минген бирөө бар, / Алп мүчөсү анда бар, / Бир жаш бала жана бар, / Жоо сайышка маш эмес, / Далай иште чала бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ар бири барча бир дөбө, / Аркасында сегиз дөө, / Одоно мүчө олчоңдоп, / Жөө басышып соксоңдоп, / Көлдөгү кара куназдай, / Келе жатат жокжоңдоп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Хандын кызы Калыйман, / Кайкалаган сулуудан, / Кылайтып белги табылбайт, / Беденде мүчө муунунан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…п, / Кылыч издеп, балта издеп, / Найза барбы деп издеп, / Баш аламан жарактан, / Байкап туруп Сомбилек, / Бир канчасын жараткан, / Бадана кийип темирден, / Бар мүчөсү келишкен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Бирок мүчө курулушу андай эмес, эткээл, мойну кыска томурайган чымыр жигит.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →