мүчүлүш1

китептерде 4 жолу, 2 китепте мүчүлүш 2 →
  1. Кем, чала; кемчил, кемтик.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Олуйа Кошой абамдын, / Өз колуна бергин,-деп, / Мүчүлүш болбой бачымдап, / Аркабыздан жеткин,-деп, / Кокондон өтүп кеткенде, / Баралбай анда калдың,-деп, / Бозуулга кошуп Бешуулду, / Беш күнгө дейре тургуң деп, / Ке… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ашыра чуркап Алгара, / Алып учуп кете албайт, / Эңишке келип калганда, / Арбыта чуркап Аккула, / Жанашып ага жете албайт, / Мүчүлүш болуп эр Манас, / Качып берген Коңурду, / Же көмөрө сайып кете албай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Шай колдогон баланын, / Шашкалаң сайган найзасы, / Оң бөйрөгүн аралап, / Көбүк этин жаралап, / Мүчүлүш араң жеткени, / Тоодой болгон Толтойго. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →