мүрөк

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. миф. Тирилтип жандандыруучу, жашартып күч-кубат берүүчү, ичкен киши өлбөй узак жашоочу суу чыккан булак жана ошондой булактан чыккан суу.
  2. өт. Жакшы таасир, кубат берүүчү катары түшүнүлгөн нерсе: жер, суу, сезим ж.б. Жаралганда суусун ичкен мүрөктүн, Арча жашыл, касиеттүү бир жыгач (Акаев).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сапты айак уйул тал болсун, / Кымызың мүрөк бал болсун, / Сапты айактын чоңдугу, / Көк казанга тең болсун, / Ичиндеки кымызы, / Аз болсо айдың көл болсун, / Кел чогулуп ичели, / Айкөл шерди биз эстеп, / Ичтеки муңду чечели! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
Чоңдугу тай казандай, тышы алтын, ичи каухар, суусу тунук мүрөк зам-зам. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Кан кудуктан Асанды алып келдирип, эки көзүн жылуусунда салдырып, мүрөктүн суусун куйдуруп айыктырат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →