мүрү2

китептерде 13 жолу, 5 китепте
  1. диал. Беш тыйын.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Коо бойлоп булар жөнөдү, / Аркасынан айкырып, / Кызыл алп келет бурулбай, / Капчыгайга такалды, / Мүрүсү батып өтө албай, / Кызыл алпка Сурмерген, / Жеке келди туралбай: / — Мен көргөнмүн бул жерди, / Тирүү чыгып кете албайт, / Капчыгайга киргени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эки мүрү капташып, / Өтпөй капыр турду эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…йып, / Бир айтканда Тазкара, / Тиктеген көзүн ирмебей, / Карыган койдой чакчыйып, / Бир айтканда Тазкара, / Айткандын баары маскара, / Жемге тойгон кажырдай, / Мүрүсүн салып лакыйып, / Бир айтканда Тазкара, / Төө куйрукту кучактап, / Күндүз жаткан үкүдөй / Жайнап көзү бакыйып, / Сүйлөп жатып Тазкара, / Күлүп кетет каткырып, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…/ Кобурлуу көнгөн киши эле, / Атадан алып көп үлгү, / Канаттуунун Жалгызек, / Таанып билген иш эле, / Карап көрсө Жалгызек, / Он эки сыны бар экен, / Эки жаккы мүрүдө, / Эшилген ак кыл салаңдап, / Эки канат чалгыны, / Качырдан бетер ак экен, / Сегиз колдо барабар, / Жетиден көңөө так экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Алты кабат темир тон, / Демейде муну кийинген, / Үч жүз кез найза колунда, / Жети кабат калканы, / Мүрүсүнө илинген, / Алты кабат туулга, / Алмадай башка кийилген, / Үйдөй болгон чойунбаш, / Оң далыга асылуу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →