мүрзө

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Өлгөн кишини көмүү үчүн казылган көр, чуңкур жана өлүктү көмүүдөн, коюудан кийин пайда болгон дөбөчө; өлүк коюлган жер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Таштан бүткөн дөбөдөй, / Бир ордунан былк этпей, / Ошончо урган найзаны, / Жекенчелик элебей, / Карап турду эр Чубак, / Катырган мүрзө эмедей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эр Манастын мүрзөгө, / Бакай болуп барышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ошондо чоң-кичине дебей, коломтону тегеректей отуруп алып, мүрзөнүн башында өкүрүп жаткандай жабыла үн салып, күңгүрөнүп бир кеткен экенбиз... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Сайга кире берген жерде, бир калың мүрзөнүн жанынан өтүп баратсам, Беккул арыктын боюнда, сууга нан чылап жеп отуруптур. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Сен баатыр эмессиңби, мүрзөдөгү жыгачтарды алып кел, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →