мүргү
- Өтө чарчоо, шалдыроо, алсызданып араң эле туруу.
- Сүрдүгүү, мүдүрүлүү, тайгылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Уйку келсе мүргүтүп, / Башка чыгып жаталы, / Каракөздөн чыгат бейм, / Далай иштин чатагы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мүргүбөгөн чоң болуп, / Жан жагына карады, / Көлөкөсү чоңураак, / Бир дарактын карааны, / Кармады чочко сабынан, / Сууруп алды чынарды, / Кыл суургандай камырдан, / Манас деген кепти угуп, / Ачууланып абыдан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кудай урсун Калыбек, / Кебелбеген тоо болду, / Калыбектин карала, / Мүргүй түшүп оңолду, / Калыбек катуу мас экен, / Көзү ачылып соо болду, / Акылы башка келгенде, / Айткан кеби бу болду: / — Калкан кулак кан жүздүү, / Калкан тоодой сен кимсиң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Каңгайдын атын укканда, / Калдайлап уран чыкканда, / Уйкулуу көзүн ачыптыр, / Карбаластап калыптыр, / Жыгылып мүргүп турушуп, / Кочкордой маңдай койушуп, / Далдастап булар турганда, / Алмамбет кылды жарлыкты: / — Ат–атыңды карма!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күү менен келе жаткан ат, / Суркойен тулпар мүргүдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →