мүнөз

китептерде 33 жолу, 8 китепте
  1. Жүрүш-туруш, кыял-жорук.
  2. Түр, абал, көрүнүш; кырдаал.
  3. адаб. Көркөм чыгармадагы каармандын кулк-мүнөзү, анын өзүнө, башка адамдарга, ар кандай көрүнүштөргө карата мамилесинен көрүнгөн типтүү образы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Адырайып тургандар, / Ал Коңурбай чоң калча, / Батыш жакты көрсөтүп, / Колун шилтеп алганы, / Айбан мүнөз чоң доңуз, / Бастырып жолго салганы, / Коңурбай тирүү келгенде, / Чуркурашып көпчүлүк, / Кулак тунуп калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Адамсыз ээн талаада, / Чумулгандай мүнөзүң, / Түпсүз терең санаага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ачалбарс байлап белине, / Жанбай турган мүнөзү, / Жаман келип калганы, / Карай албай эч бир жан, / Кабыландын бетине. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Кер сары тарткан өңү бар, / Кек толтуруп ичине, / Келген капыр түрү бар, / Андан мурун балбандан, / Адам тилин түк билбес, / Айбан мүнөз наадандан, / Утур келген нечен жан, / Учуратып көрбөгөн, / Мындан мурун Сомбилек, / Бул өңдөнгөн адамдан, / Жекелеп келди Ботогой, / А капырай наалат түн, / Ка… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Мүнөзүнө караганда — сөзгө сараң. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →