мүмкүн

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Ыктымал, балким деген мааниде колдонулат.
  2. Боло тургандыгын, аткарыла тургандыгын билдирүү үчүн колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Бирок барыш мүмкүн эмес, алыс, чоң суунун ары өйүзүндө, жана күкүк болуп, суу кирип жаткан. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Боз көйнөгүмдүн этек-жеңдери бөлүнүп, туш-тушка самсаалап кеткенинен, кай бир мүмкүн болгон айрыктардын учун бири-бирине түйүштүрүп алгамын. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Муну өлтүрбөстөн тирүү кармап алсак, зыян келтириши мүмкүн. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →