мүлт

китептерде 11 жолу, 5 китепте
  1. Бир аз былк этип кыймылдаганды, булт берип тымызын козголгондой абалды билдирүү үчүн колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Келарс келет кырсылдап, / Суу иттери мултулдап, / Суу уйлары култулдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бөлүнүп калды Медеркан, / Урушкандай бултулдап, / Эти семиз булкулдап, / Өзү жакыр култулдап, / Сакалы кыска мултулдап, / Элди баштап кулжуңдап, / Жолго түштү купулдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Сөөктөрдү аралап, / Өпкө-жүрөк жаралап, / Аркы такыр колтуктан, / Учу чыкты мулт этип, / Алдында минген атынан, / Оодарылды шылк этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бура тартса мулт этип, / Мулугуң бардыр бириңдин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Эси ооган Байтерек, / Тура калды селт этип, / Мени карап кылчайып, / Күлүп ийип, мулт этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →