мүлк

китептерде 37 жолу, 10 китепте
  1. Дүнүйө, асыл, кымбат баалуу буюмдар.
  2. Байлык, кенч.
  3. Тапкан оокат, үй оокатка керектүү буюмдар, мал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Адырдан бөрү, түлкү алып, / Кышында ичик кылсак, деп, / Азаматтар мүлк алып, / Капкан жайып бел- белге, / Тузак койуп булукка, / Шибе кармап уларга, / Чарба баккан элдердин / Эрмеги ушул буларда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көңүлүм сенде калбайбы, / Үңүрөйүп турушуң, / Көөрүнө айтсаң болбойбу, / Ойуңда болсо жумушуң, / Баарысын чачам мүлкүмдүн, / Дүнүйөсү курусун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Тамак оору болобу, / Анын өтүн табышып, / Коктунун баары түлкү экен, / Бул түгөнгүс мүлк экен, / Ириңдеп эти ырбабас, / Мунун өтү дары экен, / Сүлөөсүнү көп экен, / Биздин элде ханда жок, / Ошол үчүн келиндер, / Ичик кийген кеп экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Атканын жутчу мүлк окшойт, / Алаңгыр жаа, сур жебе, / Ал жок болсо бир неме. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Анын бир максаты: алдынан кезиккенин атуу, кан төгүү, кыруу, мал мүлкүн талоо, чарбаны бүлдүрүү... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →