мүлжү

китептерде 7 жолу, 6 китепте
  1. Сөөктүн этин тиши менен же бычак менен тазалап жеп кажылоо.
  2. Кажылоо, кажылап жеп кемирүү, кайсоо.
  3. өт. Кажуу, тукулжуратуу, эзүү, жадатуу, түбүнө жетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алда кандай иши деп, / Акбалта менен Жамгырчы, / Бай Жакып, Шыгай, Текечи, / Ачуусу келип курушуп, / Жазыла элек чекеси, / Мулжуң-мулжуң этишип, / Сакалы жок жулмуштар, / Бура тартып кетишти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күнү-түнү Карадөө, / Кастарын тоого тиккенде, / Жолум үйдөй чойун баш, / Жойулуп түгөп жок кылды, / Бурма темир саптары, / Мүлжүнүп жүрүп аз калды, / Алаканы чой болуп, / Колунун аккан кандары, / Сагызган менен кузгунга, / Эркин берген той болуп, / Таш түгөнүп быркырап, / Карысы какшап зырк… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жээнбайың бул күндө, / Мүлжүгөн баш баштанды! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Айабастан көп берип, / Ээрчип келген балдардын, / Баштыктары май болуп, / Мүлжүрүнгө бай болуп, / Тос улакты деген жок, / Эркин ойноп жай болуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Калың кой каптаганда чымчылап, мүлжүп жеп, туягы менен тепсеп, таза айламды кетирет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →